Маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз лабораториясы ачылды
Ушул жылдын 27-28-ноябрында Кытайдын Гансу провинциясынын Ланчжоу шаарында "Бир алкак, бир жол" маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Салтанатка Гансу провинциясынын губернатору Жэнь Чжэньхэ, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кытай Эл Республикасынын илим жана технология министрлигинин өкүлдөрү, Маданий мурас башкармалыгынын жана башка мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусуда болду.
Биргелешкен лабораториянын негизги максаты маданий мурас объектилерин санариптештирүү, тажрыйба алмашуу жана жаш кадрларды реставрациялоо, консервациялоо, археология, маданий мурасты коргоо жаатында даярдоо болуп саналат.
Мындан тышкары, Лянжоу технологиялык университети кыргызстандык студенттерге 2026-окуу жылынан баштап беш жылдык мөөнөткө квота бөлүп берди.
Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Сиань, Ланчжоу жана Тяньшу шаарларында жайгашкан бир нече мекемелер, музейлер менен таанышуу иштери менен өттү.
