Гапар Айтиев атныдагы искусство музейинин 90 жылдыгына арналган чыгармачылык ишке ашты
25 декабрь

Гапар Айтиев атныдагы искусство музейинин 90 жылдыгына арналган чыгармачылык ишке ашты

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин 90 жылдык мааракесине карата музей жамааты искусствонун чек арасынан ашып, мейкиндик менен убакытты бириктирген, түбөлүктүү руханий баалуулукка айлана турган өзгөчө белек тартуулоону максат кылган. Бул демилгенин ишке ашуусуна музейдин чыгармачыл өнөктөштөрү жана достору салым кошушту.

Аталган мааракелик долбоордун алкагында композитор, музыкант жана ди-джей Ролан Сейитбеков музейдин коллекциясында сунушталган искусство түрлөрүнө арналган төрт музыкалык чыгарма жаратты. Кызматташтыктын жүрүшүндө автор музейге бир нече ирет келип, туруктуу экспозиция жана убактылуу көргөзмөлөр менен тыгыз иш алып барды.

2025-жылдын 11-декабрында өткөн чыгармачылык кечеде пианист Мунара Корпотаева живопись, скульптура жана мозаика искусствосунан шыктануу менен жаралган музыкалык чыгармаларды аткарды.

Мындан тышкары, композитор музейдин графика бөлүмүндө чыгармалардын сакталуу шарттары менен таанышып, өткөн жана азыркы доорлордун белгилүү чеберлери тарабынан жаратылган живопись, акварель, гравюра жана пастель техникасындагы миңдеген эмгектерге музыкалык интерпретация сунуштады. Бул багытта Prima String квартети да өзүнүн чыгармачылык салымын кошту.

Чыгармачылык процесс улантылууда. Келерки жылы музейге келген коноктордун тажрыйбасын дагы да байыта турган жаңы музыкалык чыгармалар сунушталарын музей жамааты белгилейт.