Бишкекте «Эскерүү шамы» эл аралык акциясы өттү
23 июнь

Бишкекте «Эскерүү шамы» эл аралык акциясы өттү

Бишкекте 21-июнда Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 84 жылдыгына арналган «Эскерүү  шамы» эл аралык акциясы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чара Жеңиш аянтында болуп, бул кечте ардагерлер, ыктыярчылар, расмий өкүлдөр, шаар тургундары жана коноктор шамдардан сүрөт түзүтү. Бул сүрөт Жеңиштин жана согуштун алгачкы күндөрүндө Кыргызстан менен Казакстанда түзүлгөн Панфилов дивизиясынын юбилейине арналат.

Акция «Жеңиштин Кыргызстандагы  ыктыярчылар» кыймылынын, Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун ардагерлер  жана ыктыярчыларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин, Бишкектеги Орусия үйүнүн жана «Евразия. Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурулду. 

Иш-чара Бишкек менен катар Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта шаарларында жана Панфилов, Ленинское, Беловодское айылдарында да өткөрүлөт.