Баткенде Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасынын бет ачары өттү
Режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу көркөм тасмасы Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.
Тасманын бет ачар аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кино сүйүүчүлөр келди.
Президенттинн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков,көркөм тасманы тарткан кыргыз элинин көрүнүктүү режиссеру Актан Арым Кубатка, облус башчысы Айбек Шаменовдун “Ыраазычылык катын” жана белегин тапшырып, Баткендин баалуулуктарын жана таланттарын таанытып, жайылтканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сценарийди жазган Топчугүл Шайдуллаева жана тасманын башкы каармандарынын бири А.Жайнаков атындагы Баткен областтык драма театрынын актрисасы Айгүл Ходжаевага "Баткен облусуна 25 жыл" мааракелик медалы ыйгарылды.
Белгилей кетсек, аталган тасма 2025-жылдын 17-22-июнунда Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөн кинофестивалда баш байгени жеңип алган.
