ЖККУнун башкы катчысы "Достук" ордени менен сыйланды
20 ноябрь

ЖККУнун башкы катчысы "Достук" ордени менен сыйланды

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – "Достук" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Сыйлыкты бүгүн президент Садыр Жапаров тапшырган.

Мамлекеттик сыйлык мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде берилгендигин белгиленди.