Бишкекте “Атанын тагдыры” спектаклинин премьерасы өттү
Маданият министрлиги
28 март

Бишкекте “Атанын тагдыры” спектаклинин премьерасы өттү

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театры сахнасында 27-мартта Эл аралык театр күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. 

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине арналган “Атанын тагдыры” спектакли көрүүчүлөргө сунушталды.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, маданият кызматкерлерин жана театр ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө театр искусствосу коомдун руханий өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, улуттук маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.

Аталган спектакль улуу драматургдун чыгармачылыгына болгон терең урмат-сыйдын айкын көрүнүшү болуп, улуттук театр искусствосунун руханий баалуулуктарын кеңири даңазалады. Көркөм чыгарма аркылуу адам тагдыры, ата-эненин орду жана жашоонун маңызы сыяктуу түбөлүктүү темалар чагылдырылды.

Бул иш-чара театр искусствосунун коомдогу ордун дагы бир ирет тастыктап, маданият тармагындагы кызматкерлердин эмгегине жогору баа берилген маанилүү күн катары белгиленди.