Ош мэриясы
28 март
Ош шаарында театр күнү белгиленди
Ош шаарында күн мурун, 27-мартта Эл аралык театр күнү белгиленип, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры жана Жаштар театрынын кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында майрамдык иш-чара өткөрүлүп, театрдын актёрлору жана артисттери катышкан концерттик программа тартууланды.
Майрамга шаардык мэриянын өкүлдөрү катышып, мэрдин атынан бир катар маданият кызматкерлерине Ардак грамота жана акчалай сертификаттар тапшырылды.
Бул күнү театр искусствосунун маанисин дагы бир ирет даңазалап, чыгармачыл инсандарга ыраазычылык билдирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
