Азамат Осмонов «Бурана» республикалык археологиялык-архитектуралык музей комплексине барды
10 февраль

Азамат Осмонов «Бурана» республикалык археологиялык-архитектуралык музей комплексине барды

Аймакты өнүктүрүү боюнча Азамат Осмоновдун ишмердүүлүгүндөгү алты артыкчылыктуу багыттын бири – «Чүй туризм» багыты болуп саналат. Анын алкагында тарыхый-маданий комплекстерди модернизациялоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын ичинде «Бурана» музей комплексинин абалын жакшыртуу жана жаңылоо маселелери артыкчылыктуу багыт катары каралууда.

Талкуунун жүрүшүндө музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү, ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү, жөө жүрүүчү жолдорду жана эс алуу аймактарын жаңылоо, келген коноктор үчүн навигацияны жана маалыматтык камсыздоону жакшыртуу, жеткиликтүүлүк жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана архитектуралык келбети сакталуу менен маданий мурастарды коргоо талаптарын сактоо боюнча чаралар каралды.

Тарыхый объекттердин абалын жакшыртуу боюнча системалуу иштер маданий мурастарды сактоого жана туристтик жагымдуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү тармактык түзүмдөргө сунуштарды мындан ары иштеп чыгуу жана белгиленген иш-чараларды этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.