Министрликтин сыйлыктары Ысык-Көл облусунун маданият кызматкерлерине тапшырылды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов Ысык-Көл облусуна 20га жакын министрликтин сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.
Сыйлоо аземинде маданий мекемелерде – китепкана, театр, музей, билим берүү, ошондой эле жана маданият үйлөрүндө эмгектенип келген кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана маданий өнүгүүгө кошкон салымы белгиленди.
Министрликтин атынан Бектур Ибрагимов маданият тармагын өнүктүрүүдө жер-жерлердеги кызматкерлердин эмгеги өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеп, алардын чыгармачылык ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Маданият күнүнө карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы кызмат кылган маданият кызматкерлерине 200гө жакын сыйлык тапшырган.
