Бишкекте ШКУнун Жаштардын санариптик форуму ачылды
Бишкекте күн мурун, 4-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштардын санариптик форумунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөп, форумдун ишин расмий ачып берди.
Ачылыш аземи расмий өкүлдөрдүн саламдашуу сөздөрү менен башталып, андан соң форумдун иш программасына ылайык тематикалык сессиялар өз ишин баштады.
Форумдун негизги багыттары катары ШКУ өлкөлөрүндөгү жасалма интеллект жана санариптик экономика, ошондой эле жаштардын AI-стартаптары жана технологиялык ишкердиги маселелери талкууланууда. Катышуучулар санариптик технологияларды өнүктүрүү, инновациялык долбоорлорду колдоо, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышууда.
ШКУнун Жаштардын санариптик форуму технология, инновация жана тажрыйба алмашууну бириктирген маанилүү аянтча катары өз ишин улантууда.
Форумдун алкагында эксперттик талкуулар, тематикалык сессиялар жана жаңы технологиялык чечимдердин презентациялары өткөрүлөт.
