Ош шаарынын борбордук аянтында Ноорузга карата салтанаттуу иш-чара өтөт
www
16 март

Ош шаарынын борбордук аянтында Ноорузга карата салтанаттуу иш-чара өтөт

21-март – Нооруз элдик майрамына карата Ош шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Майрамдык иш-чаралар саат 10:00дө башталат.

Анын алкагында театралдашкан оюн-зооктор, Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздарынын концерттик программасы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң алдыңкы кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси жана спорттук оюндар өтөт.

Ошондой эле 21-22-март күндөрү саат 19:00 борбордук аянтта Ош шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринин жандуу концерти тартууланат.