Архив кызматы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган виртуалдык көргөзмө уюштурду
7 май

Архив кызматы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган виртуалдык көргөзмө уюштурду

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы «Биз бирге болгонбуз» аттуу виртуалдык көргөзмөнү сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Экспозицияда — 269 тарыхый фотодокументтерди жана 9 үн жазууну камтыйт. Материалдар Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин чагылдырат.

Көргөзмө менен бул жерден таанышсаңыз болот: http://vov.archives.gov.kg