Жалал-Абадда «Эскерүү оту» эл аралык патриоттук акциясы өттү
Жалал-Абад шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багында бүгүн, 7-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Эскерүү оту» эл аралык патриоттук акциясы өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, жергиликтүү кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, согуштагы концлагердин туткуну болгон Валентина Симоненко, Оштогу Орус үйүнүн өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү Өчпөс оттон алынган жалын Кыргызстанга Россия Элдик фронтунун өкүлдөрү Олимпиада чемпиону Елена Вяльбе, Александр Гончаров жана Максим Ногин тарабынан алып келинип, эскерүү иш-чараларынын алкагында «Жеңиш» эс алуу багындагы өчпөс отко жандырылды.
Жаныш Раимжанов Улуу Жеңишке арналган “Эскерүү оту” эл аралык патриоттук акциясы 80 жылдык мааракенин алкагындагы маанилүү иш-чара экенин айтып, бул от – тарыхга болгон терең урмат-сыйдын, эр жүрөк ата-бабалардын эмгегине болгон түбөлүк ыраазычылыктын символу экенин кошумчалады.
Саамалыкта ардагерлердин аты-жөнү жазылган эстелик тактайчасы ачылды.
