Кыргызстан делегациясы Баку шаарында өткөн СВМДАнын Жаштар кеңешинин 8-жыйынына катышты
20 ноябрь

Кыргызстан делегациясы Баку шаарында өткөн СВМДАнын Жаштар кеңешинин 8-жыйынына катышты

2025-жылдын 12–13-ноябрында Кыргыз Республикасынын делегациясы Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн СВМДАнын (CICA Youth Council) Жаштар кеңешинин 8-жыйынынын расмий иш-чараларына катышты.

12-ноябрда уюштурулган пленардык жыйында СВМДАга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү жаштар кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Жыйында санарип жана инновациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү, жаштардын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын кеңейтүү, ошондой эле жаштардын эл аралык процесстерге активдүү тартылышы сыяктуу маселелер негизги темалардан болду. Кыргызстандын өкүлдөрү жаштар потенциалын чыңдоого багытталган регионалдык демилгелерди колдоорун баса белгиледи.

13-ноябрда СВМДАга мүчө өлкөлөрдүн ыктыярчылар кыймылынын лидерлеринин форуму өткөрүлдү. Панелдик талкууларда ыктыярчылыктын коомдогу орду, өлкөлөр аралык тажрыйба алмашуу, жаштар демилгелерин өнүктүрүү жана регионалдык кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды. Кыргыз Республикасы ыктыярчылар уюмдарынын өнүгүүсүнө, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мүчө өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Бул иш-чаралар СВМДА алкагында жаштар дипломатиясын чыңдоого, региондогу жаштардын үнүн угууга жана өлкөлөр аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга маанилүү өбөлгө түздү.