Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы: Ош шаарындагы «Өчпөс отко» гүл чамбар коюлду
14 апрель

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы: Ош шаарындагы «Өчпөс отко» гүл чамбар коюлду

Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Ош шаарындагы «Өчпөс отко» мемориалдык комплексине гүл коюу иш-чарасы болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары жана Россиянын Алтай крайынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Степаненконын жана Алтай крайынын мамлекеттик филармониясынын чыгармачыл жамааты катышты. 

Коноктор ата-бабалардын жаркын элесине таазим этип, гүл коюу менен бирге бир мүнөт унчукпай турушту.