Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы. Жалал-Абадда эл аралык илимий-практикалык конференция өттү
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
27 март

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы. Жалал-Абадда эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абадда “Чыңгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форуму: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, туруктуу өнүгүү, маданияттар жана цивилизациялардын диалогу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Иш-чарага КР президентинин администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстан, Түркия, АКШ жана Россия өлкөлөрүнөн келген жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы, илимпоздор, ЖАМУнун мугалимдерди жана студенттери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын руханий-гуманисттик мааниси, анын дүйнөлүк адабияттагы орду, ошондой эле цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү ролу кеңири талкууланды. Ошондой эле Ысык-Көл форумунун тарыхый мааниси жана анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек, 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыяланып, юбилейлик иш-чаралар 2026-жылдан тарта өткөрүлүүдө. Анын алкагында жазуучунун мурасын даңазалоо, илимий изилдөөлөрдү тереңдетүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар жумуштар мерчемделген.