Белгилүү сүрөтчү-керамист Эшболот Токтогонов дүйнөдөн кайтты
www
4 март

Белгилүү сүрөтчү-керамист Эшболот Токтогонов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 2026-жылдын 27-февралында 84 жаш курагында белгилүү сүрөтчү-керамист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эшболот Токтогонов дүйнөдөн кайтты.

Таланттуу инсан, жаңыча ой жүгүрткөн адам жана форма дүйнөсүнүн чыныгы философу арабыздан кетти. Анын эмгектери улуттук маданий мурастын ажырагыс бөлүгүнө айланган.

Эшболот Токтогонов 1942-жылы Кемин районунун Советское айылында төрөлгөн. Анын искусстводогу жолу мыкты билим жана узак жылдык эмгек менен коштолгон:

1962-жылы — Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган.

1971-жылы — Москва шаарындагы атактуу Строганов атындагы жогорку көркөм-өнөр жай окуу жайын бүтүргөн.

1971–1996-жылдары — Фрунзе айнек заводунда башкы сүрөтчү болуп, ошондой эле Көркөм фонддо сүрөтчү-оформитель болуп эмгектенген.

1980-жылдан тартып — СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Анын чеберчилиги мекенинде гана эмес, анын чегинен алыс аймактарда да жогору бааланган. Эшболот Токтогоновдун эмгектери Кыргызстанды Италиянын Фаэнца шаарында, Франциянын Валлорис шаарында жана Германия Федеративдик Республикасында өткөн эл аралык көргөзмөлөрдө жана абройлуу керамика сынактарында татыктуу деңгээлде таанытып келген.

2023-жылы анын «Рух күчү» аттуу жеке көргөзмө уюштуруп, өзү кол менен калыптоо ыкмасынын сырлары менен бөлүшкөн.

Эшболот Токтогоновдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана көп сандаган шакирттерине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.