Бишкекте эл артисти Ибрагим Жунусовдун 65 жылдык мааракесине арналган кече өттү
Маданият министрлиги
13 май

Бишкекте эл артисти Ибрагим Жунусовдун 65 жылдык мааракесине арналган кече өттү

Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 12-майда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, таланттуу обончу-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ибрагим Жунусовдун 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мааракелик кечеге мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, өнөр сүйүүчүлөр жана юбилярдын жакындары катышты.

Салтанаттуу бөлүктө маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков куттуктап сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө ал Ибрагим Жунусовдун улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргыз музыка өнөрүн дүйнөгө таанытууга жана мамлекеттик кызматтагы үзүрлүү эмгегине өзгөчө токтолду.

Белгиленгендей, анын обондору кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк таап, улуттук музыкалык мурастын алтын казынасына айланган. Айрыкча, «Эламан» чыгармасы бир катар өлкөлөрдө кеңири таанылып, кыргыз искусствосунун географиясын кеңейтүүгө салым кошкон.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев юбилярга куттуктоо жолдоп, анын өлкөнүн маданиятына жана коомдук турмушуна кошкон зор салымын белгиледи.

Маараке ээсинин чыгармачылык жана мамлекеттик ишмердүүлүк жолу өзгөчө белгиленип, анын министр, вице-премьер-министр жана элчи катары аткарган иштери, өлкөнүн руханий дөөлөттөрүн жана маданий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде жайылтуудагы салымы жогору бааланды.

Ибрагим Жунусов маданиятты менен искусствосун өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн TURKSOY уюмунун Ардак белгисине татыды. Бул жогорку эл аралык сыйлыкты маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тапшырды.

Расмий бөлүктөн кийин Ибрагим Жунусовдун чыгармачылыгына арналган концерттик программа тартууланып, белгилүү өнөрпоздор анын чыгармаларын аткарышты.