Бишкекте  «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериалдын бет ачары өттү
25 декабрь

Бишкекте  «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериалдын бет ачары өттү

Бишкек шаарындагы Broadway кинотеатрында 24-декабрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериалдын бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Иш-чара жабык форматта өткөрүлүп, 400 чакырылган конок катышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, долбоордо эмгектенгендерге ыраазычылык билдирип, куттук сөз айтты.

Аталган долбоор Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин каржылоосунда, «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган.

Сериал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик архивдин материалдарына жана тарыхый булактарга таянып тартылган. Анын сюжетинде 1917–1924-жылдардагы тарыхый окуялар көркөм формада чагылдырылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон инсандардын өмүр жолу баяндалат. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбеков ж.б. тарыхый инсандар бар.

Иш-чара жабык форматта өткөрүлүп, 400 чакырылган конок катышты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, долбоордо эмгектенгендерге ыраазычылык билдирип, куттук сөз айтты.