Кыргызстандагы соңку 5 жылдагы окуялар тууралуу 4 сериядан турган документалдуу тасма тартылды
Садыр Жапаров жөнүндө “Президент” деп аталган документалдуу тасма тартылды. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Биринчи сериясы бүгүн, 5-январда саат 19:00дө тартууланат, калганы 6-7-8-январда.
"Анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам", – деди ал.
Документалдуу тасма төрт сериядан турат.
