
Алматы шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз маданий бөлмөсү ачылды
2025-жылдын 25-апрелинде Алматы шаарында, «Билимкана-Алматы» орто мектебинде Ч.Айтматов атындагы Кыргыз маданий бөлмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен, «Билимкана-Алматы» мектебинин, «Мурас» улуттук-маданий бирикмесинин жана мекендештердин көмөгү менен ишке ашырылды.
Иш-чарага «Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун» вице-президенти Динара Жумабаева, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлү Алмаша Аренова, «Билимкана-Алматы» мектебинин негиздөөчүсү Эльнура Осмоналиева, жергиликтүү илимий-маданий коомчулугу катышышты.
Башкы консул Ж. Асанкулов, өз сөзүндө, долбоордун негизги идеясы жана максаты - кыргыз-казак достук мамилесин арттыруу, кыргыз улуттук руханий мурасын чет өлкөдөгү мекендештер арасында сактоого өбөлгө түзүү, кыргыз тарыхын, маданиятын, адабиятын таанытуу, эне тилин үйрөтүү аркылуу өспүрүмдөрдү мекенчилдикке тарбиялоого багыттоо экендигин белгиледи.
Катышуучулар залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсүнүн тереңдигин, анын классикалык адабиятка жана дүйнөлүк маданиятка кошкон өзгөчө салымын баса белгилешти.
Иш-чаранын алкагында тематикалык сүрөт көргөзмө, Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Бугу-Эне» мюзикли көрсөтүлдү.