Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди эскерүү кечеси өттү
17 январь

Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди эскерүү кечеси өттү

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” ордени жана "Даңк" медалынын ээси Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара адегенде жазуучунун Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.

Эскерүү кече Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтүп, ага мамлекеттик жана маданий ишмерлер, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле жазуучунун жакындары катышты.

Кечеде Бексултан Жакиевдин кыргыз адабиятына жана улуттук драматургияга кошкон зор салымы өзгөчө белгиленип, чогулган коноктор анын өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана коомдук ишмердиги тууралуу эскеришти.

Ошондой эле жазуучунун калеминен жаралган чыгармалар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келе жатканы баса белгиленди.

Бексултан Жакиев ар кайсы жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде, Кыргызстан театр ишмерлер союзунда жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалаган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеп, “Манас–1000” мамлекеттик дирекциясын жетектеген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы катары ишмердүүлүк жүргүзгөн.

Жазуучунун “Атанын тагдыры” аттуу драмасы улуттук адабиятка жана театр өнөрүнө жаңы мазмун, терең философиялык ой алып келип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Аталган чыгарма Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык, Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей шаарларындагы театрларда 300дөн ашык жолу сахналаштырылган. Ошондой эле бул чыгарманын негизинде опера (В. Гусев), ал эми “Саадак какты” драмасынын негизинде балет (Э. Жумабаев) коюлган.

Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулуп, бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөлөрдүн театрларында сахналанып келет.