Бишкекте адабиятчы жана сынчы Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди
Абдылдажан Акматалиев
17 январь

Бишкекте адабиятчы жана сынчы Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкекте күн мурун, 16-январда адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле коомдук жана саясий ишмерлер, окумуштуулар, маданият өкүлдөрү катышты.

Мааракенин алкагында Абдылдажан Акматалиевдин өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан тартылган “Рух жүгү” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көрүнүктүү илимпоздун кыргыз адабият таануу илимине кошкон салымы кеңири белгиленип, анын илимий изилдөөлөрү, сынчылык макалалары жана поэтикалык чыгармалары улуттук гуманитардык илимдердин өнүгүшүнө зор таасир тийгизгени айтылды.

Салтанаттуу жыйында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер куттуктоо сөз сүйлөп, юбилярга узун өмүр, чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Окумуштуунун илимий жетишкендиктери мамлекет тарабынан жогору бааланып, ал филология илимдеринин доктору, профессор, академик, Даңк медалынын жана III даражадагы “Манас” орденинин ээси, ошондой эле бир катар жогорку окуу жайлардын ардактуу профессору наамдарына татыган.

Акматалиев Абдылдажан Амантурович 40ка жакын монографиялардын жана китептердин, жүздөгөн илимий макалалардын автору. Анын жетекчилиги астында ондогон илим докторлору жана 50гө жакын илим кандидаттары даярдалып, кыргыз илиминин өнүгүшүнө олуттуу салым кошулган.