«Кара. Кызыл. Сары» тасмасынын оператору Талант Акынбеков «Бриллианттуу бабочка» сыйлыгынын лауреаты болду
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев «Кара. Кызыл. Сары» тасмасынын жаратуучуларын кабыл алып, эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен куттуктады.
Евразиялык кинематография искусствосу академиясы «Кара. Кызыл. Сары» тасмасынын «Бриллианттуу бабочка» сыйлыгынын алгачкы лауреаттарын жарыялаган. Конкурстук тандоонун жыйынтыгында Кыргызстандын «Кара. Кызыл. Сары» тасмасынын оператору Талант Акынбеков «Эң мыкты оператор» наамындагы сыйлыктын ээси болду.
2025-жылы негизделген бул сыйлык Россиянын Маданият министрлигинин жана Россиянын маданият фондунун колдоосу менен уюштурулган. Долбоордун демилгечиси – Никита Михалков. «Бриллианттуу бабочка» сыйлыгы Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жалпы адамзаттык, руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын чагылдырган фильмдерди колдоого багытталган.
Салтанаттуу азем 27-ноябрда Москва шаарындагы «Мастерская 12» маданий борборунда өткөн. Сыйлыктын статуэткасын белгилүү сүрөтчү Юрий Купер жараткан, ал эми анын канаттары бриллианттар менен кооздолгон.
Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан тартылган «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы режиссёр Актан Арым Кубаттын көркөм чыгармасы болуп саналат. Фильмде кадимки адамдардын тагдырлары, сыноолордон өткөн сүйүү, адамдык тандоо жана салттын күчү чагылдырылат. Окуянын борборундагы каарман – ткачиха Турдугул, анын колунан жаралган килемдер адам жашоосунун символикалык чагылышын берет.
Тасманын жаратуучулары:
• режиссёр – Актан Арым Кубат
• сценаристтер – Топчугүл Шайдуллаева, Актан Арым Кубат
• коюучу оператор-постановщик – Талант Акынбеков
• сүрөтчү – Орозбай Абсаттаров
• үн режиссёру – Марс Тугелов
• композитор – Баласагын Мусаев
• монтажёр – Евгений Крохмаленко
• актёрлор – Наргиза Маматкулова, Мирлан Абдыкалыков, Айгүл Бусурманкулова.
•Аткаруучу продюсерлер: Акжолтой Бекболотов, Аида Үсөнова
Фильмдин директору: Жыргалбек Дүйшеев
