Кыргызстандагы эң ири эл аралык бий долбоору тартууланат
Ушул жылдын 13-14-15 июнь күндөрү Кыргызстандагы эң ири эл аралык бий долбоору тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, олимпиаданын алкагында:
- Бардык бий түрлөрү боюнча Борбордук Азия чемпионаты
- Бардык бий жана спорт багыттары боюнча «ВЕРШИНА» фестивалы (судья жок форматта).
- Спорттук мажореткалар жана батон твирлинг боюнча Борбордук Азия чемпионаты
- Чир спорт боюнча Эл аралык ачык турнир «KYRGYZSTAN OPEN»
Кыргыз Республикасынын чир спорт боюнча чемпионаты 10-жолку мааракелик эл аралык бий олимпиадасы — быйыл 12 өлкөнү тосуп алат.
Алар:
- Казакстан
- Өзбекстан
- Азербайжан
- Россия
- Кыргызстан
- Пакистан
- Индия
- Япония
- Корея
- Швейцария
- Чехия
- Тажикстан.
