Бишкек мэриясы «Ынтымак-2» сейил багындагы музыкалык кечелерге чакырат
9 июль

Бишкек мэриясы «Ынтымак-2» сейил багындагы музыкалык кечелерге чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 11 жана 12-июль күндөрү саат 19:00дө «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында өтө турган жандуу музыкалык кечелерге чакырат.

Эки күн бою келген көрүүчүлөр үчүн чыгармачыл жамааттардын жана таланттуу аткаруучулардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Таланттуу аткаруучулар тургундарга элдик жана эстрадалык чыгармаларды тартуулашат.

Музыкалык кечелер борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүү, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулууда.

Эскерте кетсек, июнь айында музыкалык кечелер «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн, ал эми июль айында долбоор борбор калаанын сейил бактарында улантылат.