Ошто Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата айкели орнотулат
Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы аллеяда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жумуштардын алкагында аллеядагы эскирген тосмолор алып салынды.
Алдыда сейил бактын аймагында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана веложолдор курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат. Ошондой эле, улуу акындын 85 жылдык мааракесине карата анын айкели тургузулат.
