Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өттү
27 октябрь

Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өттү

Бүгүн, 27-октябрь Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданиятка жана искусствого өчпөс из калтырган, улуттук музыка өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, композитордун жакын туугандары, маданият жана искусство өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана студенттер катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев “Атай Огонбаевдин мурасы – улуттук рухубуздун жана элдик нарктын күзгүсү. Анын обондору кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп турат. Бул мурас жаш муундар үчүн да чоң өрнөк”, – деп билдирди.

Салтанаттуу кече Атай Огонбаевдин бай чыгармачылык мурасына арналды. Концерттик программада композитордун белгилүү чыгармалары жаңырды. Анын чыгармаларын белгилүү аткаруучулар аткарды.

Маараке алкагында Атай Огонбаевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы №482 токтомуна ылайык, Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси юбилейлик иш-чаралардын мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Анын алкагында:

  • А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында «Атай Огонбаев» энциклопедиясынын биринчи томунун бет ачары өткөрүлдү;
  • Бул демилгени ишке ашырууга чоң салым кошкон эл аралык ТҮРКСОЙ уюмуна, баш катчысы Султан Раевге, жана энциклопедиянын автору Аттокур Джапановго терең ыраазычылык билдирилди;
  • Ноябрь-декабрь айларында илимий-практикалык конференция, ошондой эле документалдуу жана көркөм тасманын бет ачары өтөт.
  • Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды «Атай Огонбаев жылы» деп жарыялап, анын алкагында бир катар эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.