Ошто сүрөтчү Марат Мамыттын жеке көргөзмөсү ачылат
Маданият министрлиги
12 май

Ошто сүрөтчү Марат Мамыттын жеке көргөзмөсү ачылат

Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 16-майда сүрөтчү Марат Мамыттын жеке көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Көргөзмөгө автордун акыркы жылдары жараткан живопистик жана декоративдүү чыгармалары коюлат. Эмгектерде кыргыз жаратылышынын кооздугу, Ала-Тоонун ажайып көрүнүштөрү, тарыхый мурастар, ата-бабалардын жолу жана улуттук музыкалык аспаптар көркөм чагылдырылган.

Ошондой эле көргөзмөдө ПРООНдун колдоосу менен ишке ашкан «АРТүрдүүлүк» долбоорунун алкагында Алай, Чоң-Алай жана Баткен аймактарында тартылган пленэрдик иштер да сунушталат.

Марат Мамыт 1962-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайын аяктаган. Ал көптөгөн республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, 2025-жылдан бери Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Сүрөтчүнүн эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жана жеке коллекцияларда сакталат.