Оштун мэри акындарга акчалай сыйлыктарды тапшырды
30 май

Оштун мэри акындарга акчалай сыйлыктарды тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 30-майда ТҮРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун башкы катчысы Султан Раевди жана залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган "Жашыл аалам" аттуу поэзия фестивалына катышкан жаш акындарды кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Шаар башчысы Султан Раевге эл аралык фестивалды жогорку деңгээлде уюштургандыгы, Ош шаарын таанытууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле 8 кыргыз акынына жеке өзүнүн атынан колдоо иретинде ар бирине 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мэр Жолон Мамытов кыргыз поэзиясынын асыл казынасы экенин белгилеп, анын чыгармалары бүгүнкү муунга да, келечек акындарга да дем берерин билдирди.