«Сулайман-Тоо» музейинде туристтик сезондун ачылышы болду
2 апрель

«Сулайман-Тоо» музейинде туристтик сезондун ачылышы болду

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туристтик сезондун ачылышына арналган «Сулайман-Тоо - Улуу Жибек Жолунун боюндагы маяк» аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, туроператорлордун, консулдуктардын өкүлдөрү жеке ишкерлер катышты.

Иш-чарада катышуучуларга туризм тармагында аткарылып жаткан жумуштар жана келечектеги пландар боюнча маалыматтар берилип, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана туроператорлордун көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.