Бишкекте Муратбек Бегалиевдин 70 жылдыгына арналган мааракелик концерт өтөт
1 декабрь

Бишкекте Муратбек Бегалиевдин 70 жылдыгына арналган мааракелик концерт өтөт

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекет тик сыйлыктын лауреаты, профессор, академик Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган юбилейлик автордук концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Башталышы 6-декабрь, саат 15:00.

Иш-чарада автордун мыкты жана эл арасында кеңири таанылган чыгармалары жаңырып, кыргыз музыка өнөр ээлери сахнага чыгышат.

Концертке кыргыз операсынын белгилүү солисттери, А.Джумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, Президенттик камералык оркестр «Манас», ошондой эле Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана М.Куренкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын бириккен хору катышат.

Дирижёрлор – Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев жана Медет Осмонов.