Бегимай Турусбекова "Царица" берүүсүндө 2-орунду ээледи
Бегимай Турусбекова россиялык "Царица" музыкалык шоуcунда экинчи орунду ээледи. Сынактын финалдык бөлүгү 10-январда өттү.
Кыргызстандык Бегимай Турусбекова 46,59 балл алды. Ал жеке номерде "Обезоружена" чыгармасы менен биринчи болуп чыкты. Калыстар тобунун мүчөлөрү жалпысынан аткаруучуга жогору баа беришти. Бирок Алена Свиридова Б.Турусбековадан эмоция жетишсиз экенин белгилеп, мекендешибизге 10 упайдан 9 упай берди.
Долбоорду Светлана Ларионова 49,62 упай менен жеңип чыкты.
Бегимай Турусбекова Жалал-Абад облусунун Казарман айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Бир нече убакыт кафелерде ырдап, бирок турмуш курган соң чыгармачылык карьерасын токтоткон.
Ал 2022-жылдын июнь айында "Ынтымак" паркында Селин Дион менен Уитни Хьюстондун ырларын аткарып, элге таанылган. Бул анын чыгармачылык жашоосундагы жаңы этаптын башталышы болгон.
