Маданият министрлиги
12 май
Барпы атындагы Жалал-Абад театры Бишкекте «Күттүргөн жаз да келер» спектаклин тартуулайт
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Бишкек шаарында гастролдук көрсөтүү менен катышат. Иш-чара 11–16-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара кыргыз адабиятынын жана театр өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган жумалыктын алкагында өтмөкчү.
Бул маданий жумалыктын алкагында театр драматург Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келер» спектаклин тартуулайт. Спектакль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көрсөтүлөт.
