Жалал-Абаддагы Барпы облустук драма театрынын сырткы көрүнүшү жаңыланат
30 май

Жалал-Абаддагы Барпы облустук драма театрынын сырткы көрүнүшү жаңыланат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев иш сапары менен Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр театрдын учурдагы абалы жана жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Театрдын директору Таалайбек Тургунов маданий жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана инфратүзүмдү жаңылоо боюнча аткарылган жана пландаштырылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында министр бардык оңдоп-түзөө иштерин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Бекитилген планга ылайык, 2025-жылдын 31-августуна чейин театрдын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, үн күчөтүүчү жана жарыктандыруу жабдыктар, сахна бөлүгү толугу менен жаңыланат.