Башкы план: Бишкекте 11 жаңы маданий борбор, экинчи цирк жана жаштар борборлору курулмакчы
12 май

Башкы план: Бишкекте 11 жаңы маданий борбор, экинчи цирк жана жаштар борборлору курулмакчы

Бишкекте 2050-жылга чейин маданий үйлөрдүн санын дээрлик эки эсе көбөйтүү, жаңы театрларды, концерттик залдарды, экинчи циркти куруу жана шаардын бардык райондорунда жаштар борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын жаңы Башкы планына киргизилген.

Учурда Бишкекте жалпы 1,09 миң орундуу 8 муниципалдык маданият үйү бар. Башкы пландын эсептөөлөрүнө ылайык, 1,92 млн калкы бар шаар үчүн 2050-жылга чейин 7,68 миң орун зарыл болот.

Бул тартыштыкты жоюу үчүн бийлик 6,75 миң орундуу 11 жаңы маданият үйүн курууну пландап жатат. Эң көп объект Ленин, Октябрь жана Биринчи Май райондорунда пайда болот.

Долбоор ишке ашса, Бишкектеги маданият үйлөрүнүн жалпы саны 19га жетет.

Мындан тышкары, Башкы нплан көркөм-оюн-зоок инфраструктурасын өнүктүрүүнү да камтыйт. Шаарда Ленин жана Октябрь райондорунда жаңы театрлар жана концерттик залдар ачылат, ал эми Биринчи Май районунда экинчи цирк, улуттук киностудия жана мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын жаңы имараты курулат.

Ошондой эле Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры жана Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры реконструкцияланат.

Генпландын өзүнчө бөлүгү жаштар саясатына арналган. Документте азыр Бишкекте жаштар үчүн адистештирилген объекттер дээрлик жок экени белгиленген. Ошондуктан көп функциялуу жаштар борборун түзүү, ошондой эле шаардын ар бир административдик районунда жаштар борборун ачуу пландалууда.