Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган көрүнүктүү инсандарга арналган панно ачылды 
Маданият министрлиги
4 июнь

Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган көрүнүктүү инсандарга арналган панно ачылды 

Бишкек шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган көрүнүктүү инсандарга арналган көркөм паннонун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Панно Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Old Bishkek жер алдындагы соода борборунун кире беришине орнотулду.

Долбоордун негизги максаты — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын даңазалоо, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдик баалуулуктарды чыңдоо. Композициянын жалпы узундугу 27 метрди, бийиктиги 6,4 метрди түзөт. Панно кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге арналган.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, советтик жана кыргыз мамлекеттик-саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, «Ташболот Холдингинин» директору Назгүл Тюлеева, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, паннонун автору — Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары катышты.

Сөз сүйлөгөндөр панно тарыхый эстутумду сактоого, улуттук тарыхты даңазалоого жана жаш муундарды мекенчилдикке, ата-бабалардын мурасына урмат көрсөтүүгө тарбиялоого кызмат кыла турган маанилүү маданий-агартуучулук объект болорун белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу жана тарыхый-маданий мурастарды сактоонун мааниси өзгөчө белгиленди.