Ноокаттагы маданият үйү 30 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүүдө
15 июль

Ноокаттагы маданият үйү 30 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан маданият үйүндө курулуш иштери кызуу журүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Белгилей кетсек, маданият үйү 480 көрүүчүгө ылайыкталып 1990-жылы курулган. Курулгандан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөгө алынууда. Учурда имараттын ички жана сырткы бөлүктөрү заманбап талаптарга ылайык жасалып жатат.