Улуттук тарых музейи Франция  элчилиги менен гранттык келишимге кол койду
20 ноябрь

Улуттук тарых музейи Франция  элчилиги менен гранттык келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи Франция менен маданий кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы ири кадамдардын бирин жасады. Музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай жана элчилик өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында музейдин уникалдуу алтын коллекциясына арналган буклетти жарыкка чыгаруу жана музейдин аудиогиди үчүн тексттерди француз тилине которуу боюнча гранттык келишимге кол коюлду. Бул колдоо Франция Элчилигинин маданий диалогду өнүктүрүү жана кыргыз тарыхый мурасын эл аралык деңгээлде таанытуу аракетинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Тараптар алдыдагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде жаңы көргөзмө ачуу, музей ишин өркүндөтүүгө багытталган демилгелер жана кооперация мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Музей менен Франция Элчилиги маданий жана музей тармагындагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да улантуу ниетин бекемдеди.

Бул келишим Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүүгө зор салым кошот.