Чиновниктер мамлекеттик гезиттерге жазылууга милдеттендирилди
25 апрель

Чиновниктер мамлекеттик гезиттерге жазылууга милдеттендирилди

Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик гезиттерге жазылууга милдеттүү болот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтомдо белгиленгендей, демилгенин максаты бирдиктүү маалыматтык саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо болуп саналат.