Парижде алгачкы жолу кыргыз-казак акындарынын айтышы өттү
18 май

Парижде алгачкы жолу кыргыз-казак акындарынын айтышы өттү

Франциянын борбор калаасы Париж шаарында ЮНЕСКО уюмунун баш кеңсесинин залында кыргыз-казак эл аралык айтышы биринчи жолу өттү.

Бул тарыхый маданий иш-чара ЮНЕСКО тарабынан расмий колдоого алынып, 300 орундуу залда жогорку деңгээлде уюштурулду.

Айтышка Кыргызстандын атынан 5 төкмө акын, Казакстандын атынан дагы 5 төкмө акын катышып, эки боордош элдин байыркы сөз өнөрү дүйнөлүк сахнага көтөрүлдү. Эл аралык деңгээлдеги бул иш-чара казак-кыргыз маданий кызматташтыгын чыңдоого жана акындык өнөрдү глобалдык деңгээлде даңазалоого өбөлгө болду.

Иш-чаранын башкы демилгечиси – коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, демөөрчүсү – Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев болду.

Иш-чарага кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жана Казакстандын парламентинин өкүлдөрү да катышып, бул ири маданий саамалыкка саясий жана коомдук колдоо көрсөтүштү. Кыргыз акындарын Парижге Манас театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков жетектеп барды.

Айтыш жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акындарга байгелер ыйгарылды.

Бул алгачкы жолу өткөрүлгөн эл аралык айтыш казак-кыргыз боордоштугун жана улуттук өнөрдүн уңгусун дүйнөгө даңазалоого чоң салым кошуп, Парижде кыргыз үнү жаңырып, эл аралык коомчулукка маданиятыбыздын бийиктиги таанытылды.