Бишкекте Индия киносунун күндөрү өтөт. Кирүү акысыз
2025-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин Бишкекте Индиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти менен биргеликте уюштурулган "Индия киносунун күндөрү" өтөт.
21-ноябрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иш-чаранын ачылышында актёрлор, музыка жана кино көрүүчүлөрдү күтөт. Иш-чара саат 18:00дө башталат. Кечки программада "Каухар" ансамблинин жана "Таберик" балдар музыкалык театрынын Болливуд бийлерин камтыган спектаклдери бар. Саат 19:00дө Аамир Хан катышкан жана аялдар күрөшү боюнча чемпиондорду тарбиялаган мурдагы балбандын чыныгы окуясына негизделген "Дангал" тасмасынын көрсөтүлүшү болот. Тасманын режиссёру Нитеш Тивари, продюсерлери Аамир Хан жана Киран Рао.
22-ноябрдан 24-ноябрга чейин "Ала-Тоо" кинотеатрында тасмалардын көрсөтүлүшү өтөт. Бардык көрсөтүүлөргө кирүү акысыз.
Көрсөтүүлөрдүн графиги:
- 22-ноябрь, саат 14:00 – "Уурдалбаган колукту" (Шах Рух Хан, Кажол), кыргызча субтитрлер менен;
- 23-ноябрь, саат 14:00 – "Англисче винглиш" (Шри Деви, Адил Хуссейн, Мехди Неббу), орусча субтитрлер менен;
- 24-ноябрь, саат 14:00 – "Жашоо зериктирүүчү болушу мүмкүн эмес" (Ритеш Рошан, Фархан Ахтар, Абхай Деол, Катрина Каиф, Калки Коечлин), орусча субтитрлер менен.
Иш-чара Индиянын Маалымат жана телерадиоберүү министрлиги жана Улуттук кино өнүктүрүү корпорациясы (NFDC) тарабынан колдоого алынат.
Максаты – Индия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо, жалпы баалуулуктарды жана баяндоо салттарын жайылтуу жана индиялык кинонун бай мурасын көрсөтүү.
