Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди
30 август

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде 28-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлери, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын акыркы жылдардагы жетишкендиктерин кыскача айтып өттү.

Тактап айтканда, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, анын ичинде ИДПнын өсүүсүнүн ырааттуу жогорку жүрүшүн, калктын экономикалык активдүүлүгүн, соода, курулуш, өнөр жай, айыл чарба, туризм жана башка тармактардагы жогорку көрсөткүчтөрдү белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгынын тарыхый маанисин, өзгөчө үстүбүздөгү жылы өлкөнүн бардык чек ара маселелеринин биротоло укуктук жөнгө салынганын, ошондой эле мамлекеттин тышкы саясаттагы башка ийгиликтери менен жетишкендиктерин өзүнчө белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн чыгармачыл топторунун аткаруусундагы белгилүү кыргыз музыкалык чыгармаларынан турган майрамдык концерт менен коштолду.