Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы. Ош шаарында 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт
Ош мэриясы
30 апрель

Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы. Ош шаарында 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 9-май күнү “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жөө жүрүшү саат 09:00дө А.Асранкулов көчөсүнөн (болжол “Элдик” банкы) башталып, Баялинов атындагы көчөгө (болжол “Ош нуру” мейманканасы) чейин уланат.

Анын алкагында фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери аталарынын, чоң аталарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.