Ош шаарында Көкүм бийдин эстелиги тургузулду
Бүгүн Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө курулган Көкүм бийдин эстелиги жана эс алуу жайынын ачылышы болду.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүүлөр катышты.
Жалпы бийиктиги 6 метр болгон эстелик орнотулуп, айланасында отургучтар коюлуп, брусчатка басылды. Ошондой эле жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жолдору асфальтталып, балдар аянтчасы курулду. Жасалган иштер шаар бюджетинен каржыланды.
Быйыл Көкүм-Бий көчөсү толугу менен реконструкцияланып, кеңейтилди. Бул көчө Ош шаары менен Араван районун бириктирген маанилүү көчөлөрдүн бири.
Тарыхта орду чоң инсанды даңазалаган аракети үчүн мэр Жеңишбек Токторбаевге шаардык кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды.
