Ленинграддын блокададан бошотулгандыгына 82 жыл. Ошто митинг-реквием өттү
28 январь

Ленинграддын блокададан бошотулгандыгына 82 жыл. Ошто митинг-реквием өттү

Ош шаарында 27-январда Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 82 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын, Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.

Митинг-реквием “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталып, курман болгондордун элесине таазим кылынды. Катышуучулар Ленинград блокадасынын жоюлушу Ош шаары үчүн да өзгөчө символикалык мааниге ээ экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар блокада учурунда ленинграддыктардын суткалык азыгы болгон нанды даам татышып, ошол оор жылдарды эскеришти. Ошондой эле курман болгондордун элесине гүл коюу аземи болуп өттү.