Ош шаарында "Жашыл аалам" поэзия фестивалы жыйынтыкталды
Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган "Жашыл аалам" поэзия фестивалы жыйынтыкталды.
Жабылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ТҮРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы, кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова жана башка расмий коноктор катышты.
Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды.
Фестивалга катышкан Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындарына атайын сыйлыктар ыйгарылды.
Акындын ырлары түрк тилдеринде жаңырып, эл артистери, маданият ишмерлери тарабынан аткарылып, даңазаланды.
