президенттин администрациясы
7 апрель
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев апрель окуяларында курман болгондорду эскерди
Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ал 2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.
