Кара-Көл шаарында “Комуз” инсталляциясы ачылды
Кара-Көл шаарындагы М.Сабиров көчөсүндө жайгашкан №89 кесиптик лицейинин алдында “Комуз” инсталляциясынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.
Инсталляция шаардагы №89 кесиптик лицейдин ширетүүчү тайпаларынын окуучулары жана мугалимдеринин демилгеси менен ишке ашырылган. Андан ар түрдүү комуз күүлөрү жаңырып турат.
Облус башчысы Тилек Текебаев мугалимдерди жана жаш ойлоп табуучуларды жараткан эмгеги менен куттуктады. Өкүл бул демилге Кара-Көл шаарына келген туристтердин кызыгуусун жаратып, жаштардын патриоттук сезимин күчөтүүгө салым кошоорун белгиледи.
Мындан сырткары иш-чаранын жүрүшүндө 123 окуучу билим алган №89 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Билим берүү мекемесинде “Чарбак ээси”, “Жалпы курулуш иштеринин устаты”, “Жеке компьютердин оператору”, “Веб жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу” багыттары боюнча 3,10 ай жана 2 жылдык мөөнөттө билим берилет.
Тилек Текебаев лицей директоруна заман талабына ылайык кошумча окуу курстары, темир жол, жол оңдоо, сапаттуу сервистик тейлөө жана тил үйрөнүү курстарын ачуу зарылдыгын белдирди.
