Ош улуттук драма театрында “Премьералар жумалыгы” өтөт
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 2026-жылдын 14-19-февраль күндөрү “Премьералар жумалыгы” өтөт.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө беш жаңы спектаклдин бет ачары тартууланат. Бул тууралуу театрдын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев билдирди.
“Биздин чыгармачыл жамаат 2026-жылдын кышкы өргүүсүн чыгармачылык менен өткөрүштү. Жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн тарта эле жаңы коюуларды даярдоого кызуу киришкенбиз. Мындай темптеги талыкпас эмгегибиз өз натыйжасын берди”, – деди Карыпбаев.
Көркөм жетекчи белгилегендей, премьералар жумалыгы 14-февралда саат 18:00дө Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчуевдин “Тагдыр жөнүндө ыр” чыгармасынын негизинде коюлган “Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли менен ачылат.
“Бул спектаклдерди даярдоо өткөн 2025-жылдын аягында башталган, ал эми жаңы жылдын алгачкы айында ошол 5 спектаклди сахналаштырууну аягына чыгарууга жетиштик”, – деп кошумчалады ал.
Бул жумалыкта театр күйөрмандарын беш күн катар дүйнөлүк жана улуттук драматургиянын мыкты спектаклдери, заманбап режиссердук чечимдер жана актердук чебер оюндар күтөт!
